Футбол: Түштүк Американын бир нече өлкөсү Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө биргелешкен арыз беришти

Аргентина, Чили, Уругвай жана Парагвай 2030-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө биринчилигин өткөрүү үчүн биргелешкен арызын тапшырышты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул өлкөлөр мындай арызды 1930-жылы Уругвайда өткөн биринчи Дүйнөлүк чемпионатка туш кылып беришкен.

"Бул континенттин кыялы. Көптөгөн дүйнөлүк чемпионаттар болот, бирок чемпионат 100гө бир жолу гана толот жана ал мекенине кайтып келиши керек", - деген Түштүк Америка футбол конфедерациясынын президенти Алехандро Домингес.

Анын айтымында, ФИФА уюму төрт өлкөнүн бирдиктүү талапкерлигин кабыл алса туура болот. Себеби, 1930-жылы Уругвай тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатын өткөрсө, турнир 1978-жылы Аргентинада, 1962-жылы Чилиде өткөн. Парагвайда турнирдин беттештери өтө элек.

Учурда Түштүк Америка өлкөлөрүнүн негизги атаандаштары Испания менен Португалия болуп саналат, алар өткөн айда турнирди өткөрүүгө биргелешкен арыз беришкен. Жеңүүчүнү акыркы тандоо 2024-жылы аныкталат.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу быйыл Катарда өтөт. Ал эми 2026-жылы Дүйнө чемпиондугун биринчи жолу үч өлкө, тагыраагы АКШ Мексика жана Канада өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан