АКШнын эң көп титул уткан баскетболчусу Орусияда 9 жылга эркинен ажыратылды

Орусиянын Москва облусунун соту америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерди гашиш баңгизатын ташыгандыгы үчүн 1 миллион 370 миң сом (сом менен эсептегенде) айып пул салуу менен тогуз жылга түзөтүү колониясына кести. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди кечээ, 4-августта чыгарган. Жеңилдетүүчү жагдай катары сот Грайнердин күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алганын жана спортогу жетишкендиктерин эске алган.

Соттук териштирүүдө Грайнер өз күнөөсүн моюнуна алган.

"Мен ката кетирдим, бирок сиздин чечимиңиз бул жерде менин жашоомду токтотпойт деп үмүттөнөм", - деген спортчу.

Февраль айында Нью-Йорктон Москвага учуп келген Грайнер Шереметьево аэропортунда кармалган. Текшерүү учурунда анын кол жүгүнөн өзгөчө жыты бар суюктук табылган. Текшерүү учурунда ал гашиш майы экени аныкталган.

Грайнер дүйнөдөгү эң атактуу баскетболчулардын бири. Ал АКШ курама командасы менен эки жолку Олимпиада жана эки жолку Дүйнө чемпиону болгон. Ал 2015-жылдан бери Екатеринбургдун командасында ойноп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан