31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча президенттин Кубогу Нарын облусунда өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, оюндар 26-августта башталат жана финалдык беттештер 31-августта болот.
Командалар заявкаларын Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына 15-август саат 17:00гө чейин тапшыруусу зарыл! Ал эми чүчү кулак таштоо аземи 16-август күнү түз эфирде көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, президенттин Кубогунда Жогорку Лигадагы командалар ойнобойт. Себеби Жогорку Лигадагы командалардын улакчыларынан улуттук курама команда түзүлүп, алар Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарына даярданышат.