CAFA U-19: "Ак шумкарлар" Өзбекстан менен тең чыкты

Коңшу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA U-19 Championship 2022" эл аралык турниринде Кыргызстандын жаштар курама командасы Өзбекстан менен ойноп, беттеш тең чыгуу менен аяктады.

Муну менен эки команда тең бирден упайга ээ болду. Учурда "Ак шумкарлар" 4 упайы менен тайпада биринчи орунда келе жатат. Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Ак шумкарлардын" дарбазачысы Султан Чомоев табылды.

Кыргыз улуттук курама командасы кийинки оюнун эртең, 8-августта Тажикстанга каршы өткөрөт.

Тажикстанда өтүп жаткан "CAFA U-19 Championship 2022" турнирине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Ооганстан катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан