UFC уюмунун жеңилбес мурдагы мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди.
Ал социалдык тармактагы баракчасына "Таң атпай эт" деп жазып калтырды.
Белгилей кетсек, 10-август күнү Бишкекте Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин турнири өтөт. Турнирдин негизги беттешинде кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамын коргойт. Анын атаандашы орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер болот.