Белгилүү кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу "EFC" уюмунун чемпиондук курунан ажырады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз мушкери эртең, 10-августта Бишкекте өтө турган "Eagle FC 49" турнирине салмак куу процессин ийгиликтүү өткөрө албай калган. Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы 65 килограмм 800 граммды түзүшү керек болчу. Бирок салмакка түшүүдө кыргыз мушкеринин салмагы көрсөтүлгөн салмактан 1 килограмм 400 грамм ашып кеткен.
Буга байланыштуу "EFC" уюму Бусурманкул Абдибаит уулунун чемпиондук наамын алып койгон.
Бирок эртең, 10-августта Бусурманкул Абдибаит уулу беттешке чыгат.
Бусурманкул Абдибаит уулу "EFC" уюмунун чемпиону болчу. Ал чемпиондук наамын орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкерге каршы коргомок.