Кыргызстандын футбол боюнча 2013-жылкы чемпиону (ТОП-Лига-2013), Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу "АФКнын Кубогу-2014" мелдешинин тандап алуу турунда Палестинанын чемпиону “Шабаб Аль-Тахри” клубуна каршы оюн өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык “Алай” менен палестиналык “Шабаб Аль-Тахри” командалары мелдештин тайпалык баскычына жолдомо алуу үчүн өз ара ойношот.
Командалардын ортосундагы оюн 2014-жылы 2-февралда орун алат.