Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын май айында жогоруда аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда Н.Т.О. аттуу жаран жеңүүчү деп табылган.
"Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчёт берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» акча каражатын талап кыла баштаган.
Кечээ, 9-августта башкы эсепчи А.М.Ю. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген шек менен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.