Ноокатта 35 жаштагы жаран мурдагы аялына зомбулук көрсөттү делип кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда эркек киши мурдагы аялына зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү Ноокаттын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурдагы күйөөсү коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, денесине залал келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирген.
Кылмышка шектүү Ноокат районунун 35 жаштагы тургуну Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен 9-август күнү кармалган.
"Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан