Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы жана мурдагы чарба башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-август күнү Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим берүү мекемесинин ажатканасын куруу жана айыл өкмөттүн чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылганын, бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, арыз ээсине которулган акча каражаттарын опузалап алып койгондугун билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. аттуу жаран 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.