Оор атлетика боюнча Кыргызстан курама командасы Баку шаарында өтө турган Эл аралык "Гран-При" мелдешине катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 6-8-декабрда өтөт. Ага Кыргызстандын атынан Тимур Бекнур уулу (62 килограмм салмакта), Улан Жакишев (69 килограмм), Жаңыл Океева (48 килограмм) жана Аделя Баизова (49 килограмм) катышмакчы.