Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "Алтын топко" талапкерлердин тизмесине кирбей калды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Франциянын France Football журналы негиздеген "Алтын топ" сыйлыгына 2022-жылкы 30 талапкердин тизмесине 17 жылдан бери биринчи жолу "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) клубунун чабуулчусу Лионель Месси кирбей калды.
Андан сырткары "Алтын топко" талапкер катары ПСЖ клубунун чабуулчусу Неймар дагы тизмеге илинген эмес.