Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Таиланддагы “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Данияр Дулдаев индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта мелдештин чейрек финалында голландиялык теннисчилер Антал ван дер Дуим жана Бой Уестероу жуптугун утуп алды (6:4, 6:0 эсептеринде).
Эми Дулдаев-Сингх жуптугу финалга чыгуу үчүн кытайлык бир тууган Пэнг жана Ван Гао жуптугуна каршы оюн өткөрөт.