Бүгүн, 4-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Индиядагы Эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Анда кабарлангандай, Ксения Палкина британиялык Жейд Виндли менен жуптукта чейрек финалда япониялык жуптуктарды утуп алды. Эми жарым финалга жолдомо алуу үчүн Палкина-Виндли жуптугу таиланддык Нича Лертпитаксиншай жана Пингтарн Плипуэч жуптугуна каршы ойношот.