Бүгүн, 15-августта Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча мелдештер уланды.
Анда Ислам оюндарына 87 килограмм салмакта катышкан Канымжан Алмазбек кызы коло байгеге ээ болду. Ал штанганы жулкуп көтөрүүдө 76 килограмм, түртүп көтөрүүдө 95 килограммды ийгиликтүү көтөрүп (жалпы 171 килограмм), коло байгеге ээ болду.
Бул салмак категорияда алтын байгени коңшу өзбекстандык спортчу утса, күмүш байге Камерунга кетти.