Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин долбоорунун алкагында берилген насыяны биринчи болуп Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдын тургуну алды.
Белгилей кетсек, ал жашылча-жемиш жана тамак-аш азыктарын сатуу менен алектенет.
Жаш ишкердин ишмердүүлүгүн илгерилете турчу мындай жагымдуу окуя тууралуу бизге аталган ишкердин апасы ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө биринчи жолу пайызсыз насыя алып жатканын белгиледи.
"Ишмердүүлүк жолунда биринчи жолу пайызсыз насыя алып жатабыз. Албетте, бул үчүн абдан кубанычтабыз жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен бирге "Керемет Банк" ААКнын Кадамжай филиалынын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип кеткибиз келет”, - деди кубанычы коюнуна батпаган кардар.