Франциялык футболчу Поль Погба “Golden Boy-2013” сыйлыгын утуп алды

Италиялык “Ювентустун” жана Франция курама командасынын жарым коргоочусу  Поль Погба жыл сайын “Tuttosport” басылмасы тарабынан  ыйгарылуучу “Golden Boy” сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда европалык басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул сыйлык “Tuttosport” басылмасы тарабынан жыл сайын Европанын мамлекеттеринин лигаларында ойногон 21 жашка чейинки жаш футболчуларга тапшырылат.

2013-жылкы сыйлык ээси Погба добуш берүүдө 256 упай топтоду. 2-орунду англиялык “Эвертондун” бельгиялык чабуулчусу Ромелу Лукаку ээледи (129 упай). Алдынкы үчтүккө германиялык “Шалькенин" оюнчусу Юлиан Дракслер кирди (120 упай).

Эске салсак, бул сыйлык 2003-жылдан бери ыйгарылып келет. Буга чейин “Golden boy” сыйлыгын түрдүү жылдары Рафаэль ван дер Варт (2003-жыл), Уэйн Руни (2004), Лионель Месси (2005), Сеск Фабрегас (2006), Серхио Агуэро (2007), Андерсон (2008), Алешандре Пато (2009), Марио Балотелли (2010), Марио Гётце (2011), Иско (2012) сыяктуу оюнчулар алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан