Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында жаа атуу боюнча Ынтымак Мурадил уулу алтын байгеге ээ болду.
Жаа атуу боюнча мелдештер бүгүн орун алып, кыргыз спортчусу атаандаштарын артка калтырган. Жаа атуу боюнча медаль уткан спортчуларды сыйлоо ушул эле күнү өтөт.
Бул Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы сегизинчи алтын медаль.
Ислам тилектештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулууда. Кыргызстан спорттун жалпы 16 түрүнөн катышып жатат.