Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кыргыз дзюдочусу Шахида Нармухамедова финалга чыкты.
Спортчу 78 килограмм салмак ченинде күч сынашууда.
Ислам тилектештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулууда. Кыргызстан спорттун жалпы 16 түрүнөн катышып жатат.