Сокулукта жолдошу тарабынан ур-тепкиге алынган аял милицияга кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,16-августта 1994-жылы туулган Б.Ф. аттуу аял күйөөсү ур-токмокко алганын айтып, арыз менен кайрылган.
Арыз каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.