Ысык-Көл облусунун тургунунан 2 килограммдан ашык марихуана алынды.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга Челпек айылынын түштүк тарабындагы талаада белгисиз жаран баңгизатын чогултуп жүрөт деген маалымат түшкөн.
Бул маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, Челпек айылынын четинен 40 жаштагы Каракол шаарынын тургуну, мурда соттолгон М.М. аттуу жаран кармалып, анда полиэтилен баштыктын ичине салынган жапайы кендирдин жыты бар зат табылган.
Контролдук таразага тартуу учурунда алынган заттын салмагы 2 килограмм 775 граммды түзгөн. Соттук-химиялык экспертиза алынган зат баңгизаттын марихуана түрүнө таандык экенин аныктаган.
Райондук соттун чечими менен кылмыш ишин тергөө учурунда шектүүгө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.