Бишкекте маршруттук таксиден телефон уурдоого шектүү аял кармалды

Бишкекте маршруттук таксиде телефон уурдоого шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта Т.М. аттуу шаар тургуну 5-август күнү Бейшеналиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорттон 13 миң сомдук Samsung Galaxy S9 үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергенин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

15-августта кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга 1 айга камакка алынды. Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан