Франция курама командасынын жана париждик "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Киллиан Мбаппе футбол боюнча Франция чемпиондугунун (Лига 1) тарыхындагы эң тез голду жаратты.
Мбаппе Франция чемпиондугунун 3-турдук оюнунун алкагындагы "Лилль" командасына каршы оюнда 8 секунддун ичинде гол жаратты. Голдук пасты Лионель Месси чыгарып берди.
Муну менен Мбаппе Лига 1деги эң тез гол жараткан футболчу болуп тарыхта калды. Ошондой эле Мбаппенин голу да париждик клубдун тарыхындагы эң ылдам гол болду.
"ПСЖ" клубу турнирдик жадыбалда учурда 9 упайы менен биринчи орунда келе жатат.