Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде эмгектенген окутуучулардын ыӊгайлуулугу үчүн О! Мобилдик оператору 2020-жылдын апрель айынан бери атайын «Мугалим» тарифтик планын камсыздап келе жатат. Долбоор Covid-19 пандемиясына каршы күрѳшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин катышуусу жана колдоосу менен ишке ашырылган.
«Бул – компаниянын социалдык демилгеси. О! Мобилдик оператору аралыктан окутуу мезгилинде Кыргызстандын педагогдоруна толук колдоо кѳрсѳтүп, 2020-жылдагы карантин учурунда 300 миӊге жакын окуучу жана мугалимди акысыз байланыш менен камсыз кылды. Карантин аяктаган соӊ минималдуу баа белгиленип, бүгүнкү күнгѳ чейин бул социалдык тарифтик план ѳзүнүн жеткиликтүүлүгү менен айырмаланып келет», – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
«Мугалим» - 30 күнгѳ болгону 285 сомго тѳмѳнкү кызматтардын баары камтылган тариф:
Тариф мугалимдик ишти ыӊгайлуу уюштурууга мүмкүндүк берип, бүтүндѳй Кыргызстандын аймагында О! түйүнүнүн базасында заманбап жана пайдалуу мобилдик байланышты толук камсыздайт.
«Мугалим» тарифин O!Store дүкѳндѳрүнүн биринен коштуруп алууга болот. Билим берүү системасынын кызматкерлери паспорту менен иштеген жеринен маалымкат кѳрсѳтүүсү зарыл.
Эгер сиз Мугалим болуп иштесеӊиз жана тарифти биринчи жолу кошуп жатсаӊыз, анда «Мой О!» тиркемесинен каттоодон ѳтүшүӊүз керек. Тиркемени Google Play же App Store’дон кѳчүрүп алыӊыз. «Тарифтер» менюсунан «Окуу үчүн» категориясына, анын ичинен «Мугалим үчүн» вкладкасына кирип, атайын форманы толтуруӊуз. Тариф бир күндүн ичинде автоматтык түрдѳ катталуу ишке ашырылган телефондун номерине кошулат. Эгерде мурда каттоодон ѳткѳн болсоӊуз, анда жѳн гана *155*82# буйрутмасын териӊиз. Баасы салыктардын баарын эске алуу менен кѳрсѳтүлгѳн. Тариф жѳнүндѳ кененирээк маалыматты o.kg сайтынан таба аласыз.
Жеткиликтүү санарип чѳйрѳнү уюштуруу — О! Мобилдик операторунун башкы милдеттеринин бири жана бул милдет санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатка толук шайкеш келет. Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернетинин жеткиликтүүлүгү боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндѳ КМШ ѳлкѳлѳрүнүн ичинен алдыӊкы орундарда турат. О! түйүнүнѳн 4G мобилдик интернет менен ѳлкѳ калкынын 99%ы жашаган миӊдеген алыскы калктуу пункттары камсыз болду.
О! Мобилдик оператору – БИРГЕ ОКУЙБУЗ!