«Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» командасы жакшы жаңылык менен бөлүшүүгө шашылууда: MBANK тиркемеси 1 500 000ден ашык жолу жүктөлгөн!
MBANK өзүнүн рекордун жаңылады! Азыркы убакытка чейин MBANK 1 000 000 активдүү колдонуучуга ээ болуп, жүктөөлөр боюнча лидер болгон. Бирок биз муну менен эле токтоп калган жокпуз, биз колдонмону жакшыртып, өркүндөтүп жатабыз.
Бизди тандаганыңыз үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз!
Платформа мүмкүн болушунча коопсуз жана колдонуучуларыбыз үчүн ыңгайлуу болушу үчүн биз MBANKтын функционалдуулугун жакшыртууну улантабыз. Жакында MBANKта ондогон жаңы жана сонун кызматтар жеткиликтүү болот!
Сиз менен бирге биз жакшыраак, чоңураак жана тезирээк болобуз!
Android, iOS жана Huawei үчүн MBANK тиркемесин Google Play, App Store жана App Gallery'ден жүктөп алсаңыз болот.