Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Шериктештик Кубогу-2014 мелдешинде алгач Украинага каршы ойнойт

КМШнын аймагындагы мамлекеттердин 21 жашка чейинки жаштар курама командаларынын ортосунда өтүүчү Шериктештик Кубогу-2014 мелдешинде Кыргызстан  алгачкы беттешин Украинага каршы ойнойт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 24-январынан 2-февралга чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган мелдеште Кыргызстан “А” тайпасынан орун алганын кошумчалай кетели.

Тайпалык баскычтагы оюндардын жадыбалы төмөндө. Байгелүү орундар үчүн күрөштөр 29-январда башталат.  

“А” тайпасы

Эстония

Тажикстан

Украина

Кыргызстан

24-январь, Эстония – Тажикстан, Украина – Кыргызстан

25-январь, Украина – Эстония, Кыргызстан – Тажикстан

27-январь, Эстония – Кыргызстан, Тажикстан – Украина

“В” тайпасы

Литва

Түркмөнстан

Орусия

Молдова.

24-январь, Литва – Түркмөнстан, Орусия – Молдова

26-январь, Молдова – Түркмөнстан, Литва – Орусия

27-январь, Литва – Молдова, Орусия – Түркмөнстан

Группа С

Латвия

Өзбекстан

Беларусь

Казакстан

25-январь, Латвия – Өзбекстан, Беларусь – Казакстан

26-январь, Беларусь – Латвия, Казакстан – Өзбекстан

28-январь, Латвия – Казакстан, Өзбекстан – Беларусь 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sherik200992
2013-12-05 12:41:48
Алга кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан