Коңшу Казакстандын 45 жаштан өйдө курактагы улакчылары көк бөрү ойноо үчүн Кыргызстанга келишти.
Казак улакчыларын Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев тосуп алып, андан кийин аларды Нарын облусуна алып кетишкен.
Казак улакчылары Нарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогунда оюн көрсөтүшөт.
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрүчүлөрү беттеше элек болчу.