Кыргызстандык 2 жаш футболчу кыз жана бир жаш машыктыруучу 2014-жылдын февраль айында Япониянын футбол Ассоциациясынын базасында тажрыйба алууга барат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Фукусимада тажрыйба топтоо 15 күнгө созулат жана ага жаш футболчулар Айдана Оторбаева , Рамина Цой жана машыктыруучу Светлана Покачалова барат.