Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер курама командасына каршы оюнга чыгат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 18:00дө башталат.
Оюн түз эфирде көрсөтүлөт.
КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.
Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Жалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.