Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу 100 миллион еврого бразилиялык 22 жаштагы футболчу Антони Матеус дус Сантусту (Антони) сатып алат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчуну сатып алган сумма рекорддук болот жана анын келишими беш жылга түзүлөт. Учурда келишимдер даярдалып жатат. Ал эми футболчу медициналык кароодон өтүү үчүн Манчестер шаарына барган.
Антони футбол боюнча Бразилия улуттук курама командасынын жана "Аякс" футболдук клубунун чабуулчусу. Ал былтыр Токио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында чемпион аталган.