Бишкектин тургунун 60 миң долларга алдап кеткенге шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды

Милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган борбор калаанын 1995-жылы туулган тургуну Б.Б. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң доллардан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан