Валентина Шевченко Перуда өтүүчү Эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандан чыккан атактуу тайбоксчу жана кикбоксчу Валентина Шевченко эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча Перуда өтүүчү Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, беттеш 18-декабрда Түштүк Американын мамлекеттери Перу менен Эквадордун спортчуларынын ортосунда уюшулуп жаткан мелдештин алкагында орун алат. Валентинанын учурда Перуда машыгып, ошол мамлекеттин желеги астында чыгып жатканы маалым.

8 бурчтукта Валентина Шевченконун атаандашы самбо боюнча Латын Америкасынын чемпиону Присцилай Орияна болмокчу.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко буга чейин 2003 жана 2005-жылдары эрежесиз эр уруш боюнча Кореяда Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү аталган. Демек, 8 бурчтукта тиешелүү тажрыйбага ээ. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан