Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык Кубогу өтүүдө.
Кубокко Өзбекстан, Сауд Арабия, Кыргызстан жана Монголия курама командалары катышып жатат.
Экинчи күндүк оюнда Кыргызстан менен Өзбекстан кез келип, Кыргызстан 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Кийинки оюнун Кыргызстан бүгүн, 31-августта күчтүү делген Сауд Арабия курамасына каршы өткөрөт.
23-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык Кубогунда Кыргыз курама командасы чемпион аталган.