Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык Кубогу өтүүдө.
Кубокко Өзбекстан, Сауд Арабия, Кыргызстан жана Монголия курама командалары катышып жатат.
Үчүнчү күндүк оюнда Кыргызстан менен Сауд Арабия кез келип, Кыргызстан 3:1 эсебинде жеңилип калды.
Ушул эле Кубоктун алкагында алгачкы оюнунда Кыргыз курамасы Монголияга 3:0 эсебинде жеңилсе, Өзбекстанды 3:1 эсебинде уткан.
23-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык Кубогунда Кыргыз курама командасы чемпион аталган.