Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык Кубогу өтүүдө.
Кубокко Өзбекстан, Сауд Арабия, Кыргызстан жана Монголия курама командалары катышып жатат.
Жарым финалдык оюнда Кыргызстан менен Монголия кез келип, Кыргызстан 3:0 эсебинде утуп алды. Муну менен Кыргыз курамасы финалга чыкты. Финалда алар Сауд Арабия менен ойнойт.
Ал эми үчүнчү орун үчүн Өзбекстан жана Монголия курамалары кез келет.
23-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык Кубогунда Кыргыз курама командасы чемпион аталган.