Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык Кубогу аяктады.
Кубокко Өзбекстан, Сауд Арабия, Кыргызстан жана Монголия курама командалары катышып жатат.
Финалдык оюнда Кыргызстан менен Сауд Арабия кез келип, Кыргызстан 3:2 эсебинде утуп алды. Муну менен Кыргыз курамасы Азиянын чакырык Кубогун жеңип алды.
Ал эми үчүнчү орун үчүн Өзбекстан жана Монголия курамалары кез келип, Өзбекстан 3:2 эсебинде жеңди.
23-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык Кубогунда Кыргыз курама командасы чемпион аталган.