Чүй облусунун Кемин шаарында жөө адамды кичи автобус сүзүп кетти. Кичи автобус жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан кишини учура сүзгөн учуру тартылып калган видео социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка караганда окуя Кеминде орун алган, бирок качан экендиги так айтылган эмес. Кырсыкка кабылгандардын азыркы абалы дагы белгисиз.
Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматкерине байланышканыбызда эмгек өргүүсүндө экендигин айтты. Мекеменин башка кызматкерлерине байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок.