Азизбек Күйкеев оор атлетика боюнча ардагерлер арасында Дүйнө кубогун утту

Кыргызстандык Азизбек Күйкеев Малайзияда өткөн оор атлетика боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Малайзиянын Паненг шаарында өтүп, 1-декабрда жыйынтыкталган. Ага дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн оор атлетчилер катышкан.

Азизбек Күйкеев 77 килограмм салмакта 54 жашка чейинкилер арасында күч сынашып, чемпион аталды. Анын мелдеште көрсөткөн жыйынтыгынын орто эсеби 185 килограмм салмакты түздү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
future_kg
2013-12-05 14:55:54
Азамат!
0
MMA_1
2013-12-05 18:38:10
Өмүрңүз узун, ден-соолугуңуз чың болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан