Роберт Левандовский "Виктория" клубуна үч гол киргизип, тарыхый жетишкендикке жетти

Чемпиондор Лигасынын алкагында Чехиянын "Виктория Пльзен" клубуна каршы беттеште 3 гол киргизген "Барселонанын" чабуулчусу Роберт Левандовский тарыхый жетишкендикке жетишти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, муну менен Левандовский үч башка европалык команда үчүн Чемпиондор Лигасынын турниринде хет-трик жасаган тарыхта биринчи оюнчу болуп калды.

Буга чейин Левандовский Чемпиондор Лигасынын алкагындагы оюндарда "Боруссия Дортмунд" жана "Бавария" клубдары үчүн хет-трик жасаган.

Оюн 5:1 эсебинде "Барселона" клубунун жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан