Сузакта 18 жаштагы бала 14 жашар кызды зордуктап, ал төрөгөндө Сауд Арабияга качып кеткени айтылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 18 жаштагы тургуну 14 жашар кызды зордуктап, ал төрөгөндөн кийин Сауд Арабияга качып кеткен. Бул тууралуу "Адилет" укук коргоо уюму тарабынан маалым болду.

Маалыматта айтылгандай, 18 жаштагы Р.А. аттуу тургун 14 жашар Р.С. аттуу окуучу кызды 2019-жылы ээн талаага алып барып зордуктап койгон. Бул тууралуу кимдир бирөөгө айтса, эл алдында аны уят кыларын айтып коркуткан. Бул окуядан кийин да кызды зордуктап жүргөн. Мындан улам кыз 15 жашында боюна бүтүп, апасына бул окуя тууралуу айтып берген. Кыздын апасы Нозимахон (аты өзгөртүлдү) балага телефон чалганда, ал далил жок экенин жана эч нерсе кыла албасын айткан. Андан соң Нозимахон баланын апасына байланышканда, ал милицияга кабар бербей туруусун жана үй-бүлөсү менен кеңешкен соң байланышка чыгарын айткан. Бирок алардан көп убакыт бою кабар болбой кыздын апасы кайрадан телефон чалганда, ал оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Ошондо гана кыздын апасы милицияга кайрылган.

Бул окуяга укук коргоо органдары киришкенде гана баланын ата-энеси экөөнү үйлөнтүүгө убада берген. 2021-жылдын 11-октябрында кыз эркек бала төрөгөн. Кыздын жашы жете элек болгону үчүн төрөт үйү бул тууралуу милицияга кабар берген. Бул факты Сузак РИИБинде каттоого алынган. Бирок бала үйлөнүүгө убада бергендиктен кыз жана апасы көрсөтмөсүндө зордуктоо болбогонун, жыныстык катнаш экөөнүн макулдугу менен болгонун айтышкан. 2021-жылы август айында бала Сауд Арабиянын Медина шаарына окууга кеткен. Ошол жактан кызга телефон чалып, ага үйлөнүүгө ниети жок экенин жана жоопкерчиликтен качуу үчүн убакытты создуктуруп келгенин айткан.

Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюмунун жактоочусу Элдор Бакиров бул иште тергөөчүнүн мыйзамсыз аракетин айтат. Айтымында, Сузак РИИБинин тергөөчүсү баланын атасын унаасы менен кыздын апасынын үйүнө алып келип документтерге кол койдуруп алган. Бирок кандай документтерге кол койдуруп жатканын түшүндүргөн эмес. Ал эми ал кагаздар тосмо арыз жана сотко чейинки өндүрүштү токтотуу тууралуу документтер болгон.

Мындан улам Сузак РИИБи тергөө ишин токтоткон. Кыздын апасы Сузак райондук прокуратурага, кийин сотко да кайрылган, бирок өзү кол коюп берген документтердин негизинде арызы канааттандырылган эмес.

Учурда Р.А. 21 жашта, Сауд Арабиядан Орусияга кеткен. Ал эми колундагы баласы менен калган өспүрүм кыз учурда 17 жашта.

Жактоочунун айтымында, тергөөчү жана бул ишти караган сот шалаакылык кылып, шектүүнү кылмыш жоопкерчилигинен качыруу үчүн убакытты создуктурган. Учурда жактоочулар доо арыз берүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан