Бүгүн, 10-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Акжол Махмудов (77 кг) алгачкы атаандашын 11:1 эсебинде жеңди.
Ал бразилиялык балбан Жойлсон Де менен күч сынашты.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.