Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында балбан Акжол Махмудов түркиялык Юнус Башарды 9:7 эсебинде утту.
Кыргыз балбаны жарым финалда түштүк кореялык Ким Хён У менен кез келет.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.