Орозали Максудов кунг-фу боюнча Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Орозали Максудов кунг-фу боюнча дүйнө Кубогунда чемпион болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кунг-фу федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, World Kung Fu Cup — 2022 Түркиянын Анкара шаарында 6-9-сентябрь күндөрү өткөрүлдү. 13 өлкөнүн спортчулары катышкан мелдешке Кыргызстандын атынан бир гана Максудов барган. Ал 80 килограмм салмак категориясында чыгып Kung Fu Full (Sanda) жана Kung Fu Light (Light Contact) дисциплинасы боюнча катышты.

Жыйынтыгында Kung Fu Full (Sanda) категориясында биринчи орунду багындырып Дүйнө чемпиону аталды. Ал эми Kung Fu Light (Light Contact) дисциплинасынан үчүнчү орунга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан