Бүгүн, 11-сентябрда күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков (63 кг) алгачкы атаандашын 9:0 эсебинде жеңди.
Ал Чили өлкөсүнүн балбаны Кристобаль Торрес менен күч сынашты.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.