Күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков (63 кг) болгариялык балбан Николай Вишевди 6:1 эсебинде жеңди.
Эми чейрек финалда Лери Абуладзе менен кармашат.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.