Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков (63 кг) грузиялык балбан Лери Абуладзеге 2:7 эсебинде жеңилип калды.
Шаршенбеков буга чейин болгариялык балбан Николай Вишевди 6:1 эсебинде жеңсе, биринчи айлампада Кристобаль Торрести 9:0 эсебинде уткан болчу.
Эми грузиялык балбан жарым финалда ирандык Алиреза Неджати менен күрөшөт.