Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Жоламан менен Айсулуу килемге чыгат. Атаандаштар кимдер?

Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.

Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күнүндө күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыгат.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт. Анда кыргыз балбаны Марат Гарипов (Бразилия) - Кристиан Кечкемети (Венгрия) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт. Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө Биляна Дудова (Болгария) - Амелин Дуар (Франция ) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jigit.1982
2022-09-12 10:49:00
Урматтуу супер инфочулар Айсулуунун башка суроту жокпу. Формада сонун тушкон суроттору барго ошолордон койсонор. Коптон бериле байкаймын ушул суротун эле кое бересинер. Майкасын корсотуп. Балбандарыбызды Аллахым колдоп Алтын медаль менен келишини насип кылсын.
+1
uz.nookat
2022-09-12 12:44:00
Кайсыл жактан корсок болот айтып койгулачы сураныч
-1
Pankration_MMA
2022-09-12 13:18:00
Окарочклар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан