Чемпиондор Лигасынын беттеши Елизавета II'нин өлүмүнө байланыштуу жылдырылды

Ханыша Елизавета II'нин өлүмүнө байланыштуу аза күтүүдөн улам Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы шотландиялык "Рейнжерс" менен италиялык "Наполи" командаларынын оюну бир күнгө жылдырылды. Мындай маалымат УЕФА уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, "А" тайпасындагы бул оюн 13-сентябрдан 14-сентябрга жылдырылды.

Ошол эле маалда италиялык клубдун күйөрмандарына "Рейнжерс" менен беттешүүгө уруксат берилбейт. Адилеттүүлүк үчүн шотландиялык күйөрмандарга 26-октябрда Неаполдо боло турган экинчи оюнга уруксат берилбейт.

Эске салсак, 8-сентябрда Букингем сарайы Улуу Британиянын ханышасы 96 жашында каза болгонун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан