Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.
Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күнүндө күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда венгриялык Кристиан Кечкемети аттуу балбанды 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.