Кечээ күнү балбан Акжол Махмудов өзүнүн атын кыргыз спортунун тарыхына алтын тамгалар менен жазып калтырды десек болот. Ал эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан чыккан алгачкы дүйнө чемпиону боло алды. Бул жеңишке ал Олимпиада жана Азия оюндарындагы, Азия чемпионатындагы ири турнирлердин баарына катышып, медалдарды алып отуруп, алты жылдын ичинде келди. Анын ар бир жеңишинде күйөрмандары топтолуп, учурда Акжол Кыргызстандагы эң популярдуу спортчуга айланды.
Акжол Махмудовдун күрөшүн көрүүгө он миңдеген, жүз миңдеген спорт сүйүүчүлөр ашыкканы менен жергиликтүү телеканалдар дүйнө чемпионатын түз алып көрсөтө алышкан жок. Ал эми бул биринчи учур эмес. Буга чейин деле көрсөтүлбөгөн учурлар көп эле болгон. Мунун себеби эмнеде экенин төмөндөгү материалдан карап көрсөк.
Кыргызстандагы телеканалдар мамлекеттик жана жеке менчик болуп экиге бөлүнөт. Жеке менчик каналдардын иши киреше табууга багытталган. Алардын өзү чыгарган программалары аз жана алар бирөөнүн контентин колдонуу аркылуу жарнамадан киреше таап күн кечиришет. Ал эми мамлекеттик каналдар болсо өз ишин өзү жасаганга аракет кылганы менен каражаты жетишсиз. Ошондуктан алардын берүүлөрүнүн сапаты начар жана спорттук трансляцияларды сатып алуу укугу боюнча көйгөйлөргө кабылышат.
Мындан бир нече жыл мурун атайын адистештирилген спорттук канал ачылып жатканда, ал дене тарбия жана спорт тармагын жайылтуу менен алектенет деп айтылган. Бул тармак үчүн туруктуу жана ишеничтүү өнөктөштөрдү таап беребиз деген убадалар да болгон эле. Айтор, тапкандай да болушкан. Анткени 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын, 2020-жылдагы Олимпиада тынымсыз берилип турган. Бирок анткени менен бул канал башка көптөгөн турнирлерди алып берүүнү четке кагып келет. Алар Кыргызстанда өтүп жаткан күндө дагы.
Кыргызстанда күрөш абдан популярдуу экенин билип турса дагы, спорт канал дүйнө чемпионатын түз алып көрсөтүүнүн аракетин жасаган жок. Бул иш социалдык тармактарда көптөгөн нааразылыктарды жаратты.
Алардын айрымдары канал жетекчилигинин иштен кетүүсүн талап кылууда. Жетекчиликти коргондор да жок эмес Алар күрөш боюнча дүйнө чемпионатын трансляциялоо өтө кымбат турарын, телеканал ал сумманы көтөрө албай тургандыгын айтып жатышат. Муну сатып алганда алдыда боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын сатып алуудан баш тартууга туура келмек дегендер бар.
Кыргызстанда ири компаниялар аз. Ал эми спорттук трансляцияларга өнөктөш болууну каалагандар андан бетер аз санда. Бирок анткени менен бул канал кол куушуруп отура бериши керек дегендик эмес. Башка мамлекеттер бул маселени кантип чечип жаткандыгын карашыбыз керек. Эң эле натыйжалуу ыкмалардын бири – букмекердик компаниялар менен иштешүү.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө дал ошол букмекердик компаниялар спорттук иш-чараларды көрсөтүү укугун сатып алып, аны телеканалдагы өнөктөштөрүнө өткөрүп беришет. Анткени алар спортту жайылтууга чындап кызыкдар. Ордуна сураганы – трансляциялардын арасында БКнын жарнамасын көрсөтүү. Кыргызстан үчүн бул ыкма абдан ыңгайлуу болгону турат. Бирок өлкөдө кыргыз жарандарына букмекерлердик кызматтарды колдонууга тыюу салынган. Ошондуктан ири БКлар Кыргызстанга келишпейт.
Спорт каналдын муктаждыктарын мамлекет толугу менен каржылай албасы белгилүү. Бирок, ал анын каржылык маселелерин өз алдынча чечип алууга шарттарды түзүп бере алат. Мисалы, Кыргызстандагы букмекерлердин иши жөнүндөгү мыйзамды кайрадан караттырып чыкса болот. Муну менен акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон көрөрмандар гана эмес, спортчулар өзүлөрү да утушка ээ болмок. Себеби, букмекерлер аларды колдоого ар дайым даяр турат.